Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ат-Башыда блокпосттордун алынышын талап кылган митинг болду

09.05.2020 16:08
795
Ат-Башыда блокпосттордун алынышын талап кылган митинг болду


Бүгүн, 9-майда Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылынын тургундары коронавируска байланыштуу нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме берип кабарлады.


Жашоочулардын айтымдарында, коюлган блокпосттор чарба иштерин бүтүрүүгө тоскоолдук жаратууда.

"Айылдагылардын нааразы болгону — коронавирус эмнегедир биздин айылдан эле чыгып жатат. Коронавирус табылган адам менен байланышта болгон-болбогондун баарынан анализ алып, ооруканага жаткырышууда. Блокпосттор да алынбай айыл чарба иштерине тоскоолдук жаратууда", — деди атын атоодон баш тарткан айыл тургуну.

Ача-Кайыңдыда эл чогулуп, жыйналыш өткөнүн Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров тастыктап, нааразы болгон тургундар менен жолукканын билдирди.

Анын айтымында, нааразычылык акциясына 50-60тай киши чогулган, бирок жыйналыш көпкө созулган эмес, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин тарап кетишкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн