Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Ат-Башыда эт комбинатынын курулушу аяктап, жакында ишке киргизилет

25.10.2023 12:04
809
Ат-Башыда эт комбинатынын курулушу аяктап, жакында ишке киргизилет


Ат-Башы районунда "Ат-Башы эт комбинатынын" курулушу аяктап, жакында ишке киргени турат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комбинаттын курулуш иштери 2020-жылы башталган. Учурда бардык керектүү заманбап жабдыктар менен толук камсыздалып, продукциясын чыгаруу алдында турат. Анда бышырылган уйдун, жылкынын, топоздун эттери жана ботколору, ошондой эле пельмен жана башка жарым-жартылай даяр продукциялар чыгат.

Район акими Эмилбек Абдыкадыров эт комбинатынан кабар алып, иштин жүрүшү жана алдыдагы пландары менен таанышты. Ал райондогу өндүрүш тармагын өнүктүрүү керектигин жана ар тараптан колдогонго даяр экенин бидирди.

Бул комбинаттын чыгарган азыктары буга чейин Кыргызстандын ичинде гана сатылып келген болсо, алдыда чет өлкөлөргө чыгаруу аракеттери көрүлүүдө. Ал үчүн атайын экологиялык, санитардык жактан таза, талапка жооп бериле турган сертификаттар алынууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн