Брифинг учурунда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында эки адам коронавирус илдетин жуктуруп алып ээн-эркин эле көчөдө жүрөт, чектөөгө алып койбойсуздарбы деген сунуш түштү.
Ал эми Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Улан Аалиев алар толугу менен көзөмөлдө экенин айтты.
“Бүгункү күндө Ат-Башы районунда илдетти жуктургандардын саны 63 адамга жетти. Алардын арасында Ак-Муз айылынын эки тургуну да бар. Бейтаптар толугу менен көзөмөлгө алынган. Эгер тартипти сактабаса мыйзам чегинде жазасын алат”, - деди Аалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн