Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Ат-Башыда милиция кызматкерлери айыл аймактарды кыдырып профилактикалык иштерин улантууда

20.01.2021 11:57
1698
Ат-Башыда милиция кызматкерлери айыл аймактарды кыдырып профилактикалык иштерин улантууда
Ат-Башыда милиция кызматкерлери айыл аймактарды кыдырып профилактикалык иштерин улантууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы менен Ат-Башы районунун аймагында атайын түзүлгөн графиктин негизинде жергиликтүү эл менен жеринде жолугуп, алардын суроо талабын, кайрылууларын кабыл алып жатышат. Мындан сырткары 2020-жыл ичинде Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн аткарылган иштери боюнча эл алдында маалымат берилүүдө.

Мындан тышкары кылмыштуулуктун жана бузуулардын алдын алуу максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, азыркы учурда Ат-Башы районунун аймагында көйгөй жаратып келген мал уруулук кылмышынын алдын алуу боюнча малдарды кароосуз калтырбоосун жана Бишкек-Торугарт авто жолунун жээгинен алыс жайуусу боюнча сарайларда жашаган малдардын ээлерине профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле райондун аймагында жайгашкан мектептерде, базарларда, соода-сатык түйүндөрүндө азыркы учурда болуп жаткан COVID-19 илдети боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн