Ат-Башы районунун милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте атайын графиктин негизинде айыл тургундары менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Бул туурасында Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда милициянын көчмө кабылдамасы менен ар бир айылды
кыдырып, жарандардан келип түшкөн арыз-даттануулар менен жеринен таанышып, маалымат
берилди.
Мындан тышкары азыркы учурда жугуштуу оору күчөп жаткандыгына байланыштуу жарандардын коопсуздугун, саламаттыгын сактоо жаатындагы тынымсыз профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн