Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:10
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ат-Башыда жубайлардын жансыз денеси унаадан табылды

21.12.2021 14:21
450
Ат-Башыда жубайлардын жансыз денеси унаадан табылды

Ат-Башы районунда жеңил унаадан жубайлардын жансыз денелери табылып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалым болгондой, 20-декабрда Ат-Башы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында жайгашкан гараждагы «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү унаанын ичинен белгисиз себептерден каза болуп калган 1983-жылы туулган Д.С. менен 1982-жылы туулган М.Г. аттуу жарандардын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.


Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБ тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жана Ат-Башы РИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Болот Арзыгулов барган учурда төмөнкүлөр аныкталган: Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы турак үйдүн түштүк тарабындагы унаа токтотуучу жайдан, тактап айтканда «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү унаанын ичинен жансыз денелер табылган. Алар жубайлар — 1983-жылы туулган Д.С. жана 1982-жылы туулган М.Г. экени аныкталган.


Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жансыз денелерден күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес.


Аталган факт боюнча тиешелүү эспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, алар унаанын газына ууланып, каза болгондору божомолдонуп жатат.


Булак: "Турмуш"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн