Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ат-Башыдагы "логистикалык борбордун" аныгы кандай?

23.01.2020 16:30
793
Ат-Башыдагы "логистикалык борбордун" аныгы кандай?


Интернет айдыңында Ат-Башыга курула турган логистикалык борбор тууралуу кызуу талкуулар жүрүүдө. Айрымдары Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Кара-Булак участогундагы 200,0 гектар жерди “Нарын” Эркин экономикалык аймагына мөөнөтсүз берүү” жөнүндө №7-1 токтомун интернетке жайылтышып “мына 49 жылы эмес эле мөөнөтсүз берилет экен” дешип чуу көтөрүп жиберишти.

 

Күчтүү жарандык коом “талаштан тактык” жаратат

 

Кыргызстандын эгемендик жылдарда ээ болгон жалгыз утушу - сөз эркиндиги. Ал бүгүнкүдөй күчтүү жарандык коомдун калыптанышына алып келди. Эч бир мамлекет күчтүү жарандык коомсуз өнүгө албасын эске алсак, бул биздин бирден бир утушубуз болуп эсептелет.  Анын үстүнө учурдагы интернет мүмкүнчүлүгү Кыргызстандагы сөз эркиндигине “каймакка куймак куйгандай” жарашып турган чагы. Ошондон уламбы Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлүп калган “Кумтөр”, “Жер үй” ж.б. долбоорлордон оозу күйүп калган жарандык коом, ар кандай ири долбоорлор жөнүндө сөз жүргөндө өздөрүнүн тынсызданууларын билдирип жатканын туура кабыл алышыбыз керек жана ал акыры барып “талаштан тактык жаралышына” алып келет.

 

Ал жер мамлекеттики...

 

Ошону менен “Ат-Башыда жерди кытайларга мөөнөтсүз берип салыптыр” деген тынчсызданууларга келсек, иштин жагдайы андай эмес. Ак-Талаа айылындагы аталган 200,0 гектар жер интернетке жарыяланган токтомдо көрсөтүлгөндөй “Нарын” эркин экономикалык  аймагына” мөөнөтсүз берилген. Бирок, “Нарын” эркин экономикалык  аймагы мамлекеттики экенин эске алсак, демек мамлекетке берип жатат. Ал эми “Нарын” эркин экономикалык  аймагы мөөнөтүн көрсөтүп эле 49 жылга кытай инвесторлоруна берип жатпайбы. Мурдараак бул маселе тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров маалымат каражатарында “ал жер мамлекеттин жери. Анан мамлекеттин жерин кытайга берип коюуга болобу? Бул туура эмес маалымат”, - деп так кесе жооп берген.

Негизи эле бул логистикалык борборду ачуу тууралуу көп жылдардан бери сөз болуп келет. Былтыр курула турган борбордун капсуласын салуу аземинде премьер-министр М.Абылгазиев мындай борборлор Казакстан, Өзбекстан, Беларусияда эбак эле курулуп, иштеп жатканын, долбоор ишке ашса бир гана Нарын облусу эмес бүтүндөй Кыргызстанды кыймылдаткан объект болорун айткан болчу.

 

Ат-Башынын көркүн ачкан шаар болчудай

 

 Аныгында эле Нарын-Торугарт кан жолунун боюна курула турган бул объект өзүнчө эле чакан шаарды көзгө элестетип турат. Ал жерге иштегендер үчүн мейманкалар, 24 гектарды ээлеген бажы комплекси, ден-соолукту чыңдоочу комплекстер, мектеп, оорукана, бала-бакча, мечит, эң башкысы өндүрүштүк объектилер ж.б. салынат деп жатышат. Ошондой эле көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан “кытайлар каптап кетпейби, алар бир келсе чыкпайт деген суроолор болууда. Буга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров “Би-Би-Си” радиосуна берген маалыматында расмий жана толук жооп берди.

Кытай басып кетет деген жалган. Миграция боюнча Кыргызстандын өзүнүн мыйзамы бар. Өкмөт квотаны өзү бөлөт. Өткөн жылы 8990 квота бөлүнүп берилген. Бул квоталар бир эле жылга берилет. Экинчи жылы аны узартабызбы же жокпу өкмөт чечет. Ушунун өзү да кытайлар басып кетет дегенди жокко чыгарат. Экинчиден, ошол эле мыйзамдын негизинде кандайдыр бир биргелешкен ишканалар ачыла турган болсо, анын 20 пайыздан ашпаганы гана чет элдик жумушчулар, 80 пайыздан кем эмеси жергиликтүү жарандар болуш керек. ММКга чыккан туура эмес айрым маалыматтардан кийин, инвестордун өзү менен да сүйлөшүүгө туура келди. Алар айтып жатат керек болсо 20 эмес, 10 гана пайыз менен чектесек болот деп. Демек, адистерди окута турган гана персоналдар келет.

 

Кытайлар жылына 100 адамды өз эсебинен окутат

 

Ушул жерден кытай инвестициясына курулуп иштеп жаткан, Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводду мисалга тарта кетели. Кытай инвесторлору бир кытайдын жанына бир кыргызды коюп, дагы кошумча окутуп жүрүп, андагы иштеген Кыргызстандын жарандарын үйрөтүп алышкандыктарын билебиз. Ал эми бул заводдо иштеген кытай жарандарынын саны биздин миграциялык мыйзамдар аркылуу жөнгө салынып келет.  

Ал эми бул маселеге арналган, Ат-Башы, Нарындын аттуу-баштуу аксакалдары, чыгаан ишкерлери катышып элге түшүндүрмө берген басма - сөз жыйынынында аталган Борборду курмакчы болгон кытай инвестору жыл сайын 100 кыргыз жаранын өздөрүнүн эсебинен кытайдан ар түрдүү багытта окутуп келүүнү моюндарына алып жатканы белгилүү болду. Вице-премьер-министр З.Аскаровдун айтымында жумушчулар негизинен Ат-Башы районунан алынат, жетпей калса башка облустардан алып келинет. Ошону менен баш аягы 15 миң адам иштей тургандыгы күтүлүүдө.

     

Долбоорго кызыккандар көп...

 

Эми аталган Борборду ким курат деген маселеге келсек, кытайлык жеке ишкер Лю Ин менен кыргызстандык ишкер Эмилбек Абдыкадыров түзгөн  "Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы" деп аталган жоопкерчилиги чектелген ишкана жүзөгө ашырмай болду. ЕАЭБдин эрежелерине жана Кыргызстандын мыйзамдарына  ылайык иштей турган бул долбоорго кызыккандар арбын. Алардын арасында  Түркия, Бириккен Араб эмираттары, Казакстан, Беларус жана Орусия бар. Долбоорго жалпысы 280 млн. доллар салынмай болду.

Кандай болуп кетет деп, тынчсыздангандарды жайгарчу бир жагдай, кокус бул долбоор боюнча кандайдыр бир талаш-тартыштар чыгып калса, Атамбаевдин ЖЭБиндей кытай мыйзамдарынын эмес,  бир гана Кыргызстандын мыйзамдары аркылуу чечилет. Ошону менен   "Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ишке кирсе, ал жерден

смартфондордун экранын, айнегин чыгара турган өндүрүш,  кесме чыгаруучу ишкана, атургай электрондук автомобилдер чыгарылышы күтүлүп жатат.

 

Эсенбек Касенов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн