Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ат-Башыга жүн менен терини иштеткен завод курулат

25.11.2020 13:28
4391
Ат-Башыга жүн менен терини иштеткен завод курулат


Ат-Башы районун акими Нурбек Сатаров жетектеген ишкерлер жана айыл өкмөттөрдүн катышуусундагы делегация Өзбекстандын Фергана облусуна барып, аталган облустагы ишканалар менен таанышты. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы кабарлады.


Фергана району менен Ат-Башы району импорт, экспорт боюнча иш алып баруу максатында достук келишимине кол коюшту. Ат-Башы районунан барган ишкерлер дагы өз тармактарында иштешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эт, жүн, картошкаларды экспорттоо жолун дагы карашты. Район жетекчилери Фергана районуна сырьё катары бергенге Ат-Башы районуна жүндөн жип чыгаруучу жана терини биринчи иштеп чагаруучу ишкана куруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Алдыда ал жактан дагы делегаттар биздин районго келүүсү күтүлүүдө", - деп айтылат аталган маалыматта.

Теги

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Динара Обонбаева
Ийгилик каалайм элибиз жерибиз онуксун экономикабыз оссун
Жанысаков Канат
Ийгилик калайм Нурбек ушундай иштерди жасай бер
Азат
Туура курулсун карапайым калкка жакшы болот
Суйун Жумашева.
Ат-Башынын жаны акими Нурбек туура иш кылып жатыптыр. Жогор жакты эле карап отура бербестен ошентип инвестиция тартып элдин жашоосун жакшы жакка ондойм деген аракети туура кадам.