Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Ат-Башылык 45 жаштагы жөө күлүк Бишкекке жөө чуркап чыкты (видео)

19.06.2020 15:59
1284
Ат-Башылык 45 жаштагы жөө күлүк Бишкекке жөө чуркап чыкты (видео)


Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын тургуну, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков рекорд коём деп Бишкекке жөө жүгүрүп чыкты. Бул тууралуу анын айылдаштары социалдык тармакка жарыялады.


Маалыматка ылайык, марафончу бүгүн, 19-июнда Талды-Суу айылынан Бишкекти көздөй жөө жүгүрүп жолго чыкты. Анын айтымында, күн ачык болсо Бишкекке 2-3 күн аралыгында келип калат.


Белгилей кетсек, алыскы аралыка чуркаган 45 жаштагы жөө күлүк 2017-жылы бул спортко кайтып келип, ал арадыкта марафондорго, жарым марафондорго бир нече жолу катышкан. Москва шаарында болгон 50 чакырымдык марафондо 1-орунду алган. Самарканда өткөн жарым марафонго да катышкан. Быйылкы жылы Томск, Ташкент жана Алматыга чакыруу алып, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу мелдештер болбой калган


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн