Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:16
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

“Ата Мекен” партиясы бийликке кайрылуу жолдоду

23.11.2020 17:15
1439
“Ата Мекен” партиясы бийликке кайрылуу жолдоду

"Ата-Мекен" саясий партиясы бийлик башында турган жеткечилерге кайрылуу жолдоду. Кайрылуунун жазылышына 21-ноябрда белгисиз адамдар "Ата-Мекен" партиясынын штабына келип алып  ар кандай коркутуу-үркүтүүлөрдү жасап, айрым партия мүчөлөрүнүн аттарын атап өткөн окуя себеп болгон. Бул тууралуу саясий партиянын штабынан билдиришти. Төмөндө биз аталган партиянын кайрылуусун өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:


Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Т.Мамытовго

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Новиковго

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.Ташиевге

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри У.Ниязбековго


21-ноябрь ишемби күнү “Ата Мекен” партиясынын штабына бир топ адамдар бастырып киргенге аракет кылып, ал жерде партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин дарегине коркутуу сөздөрдү, чакырыктарды айтышты. Андан башка, бүгүнкү бийликтин көз карашына каршы пикирин билдирип жаткан саясатчылар: Роза Отунбаева, президенттик шайлоого катышып жаткан Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова жана башкаларды коркуткан ураандар ташталды. 


Ушундан улам, “Ата Мекен” партиясынын катчылыгы укук коргоо органдарына кайрылып, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырат.


Садыр Жапаров премьер-министр, Президенттин милдетин аткаруучу болгон. Шайлоого баргандыгы үчүн бул ыйгарым укуктарын убактылуу гана токтотту. Садыр Жапаров: «Премьер-министр катары Конституцияны колго алып, ушул Конституцияны жана мыйзамдарды, адам укуктарын сактайм, коргойм», - деп ант берген. Конституцияда шайлоо эркин болоору, ар бир адам эркин гана добуш бербестен, тигил же бул кандидатка, же референдумда тигил же бул чечимге “каршы”, же “макул” деп агитация жүргүзгөнгө укугу бар экендигин жана ал укук биринчи кезекте мамлекет жетекчиси, Өкмөт башчысы тарабынан корголуп, кепилдик боло тургандыгы жазылган. 


Бүгүн коомчулукта кээ бир саясий күчтөрдүн айдактоосу менен бийликтин кандидатурасынан башка кандидаттарга чабуул жасап, алардын өмүрүнө, кол салууга, денесине, ден соолугуна зыян келтирүүгө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрлөрүнө кол салууга, менчиктерин талап-тоноого болгон чакырыктар күч алып жатат. “Ата Мекен” партиясынын офисинде болгон окуяны мына ошол чакырыктардан улам бийликчил партиялар жасап жатат деп ойлойбуз. Болбосо, эмне үчүн Өкмөт, Ички иштер министрлиги,  президеттин милдетин аткаруучулар үн катпайт? Эмне үчүн мындай чакырыктарга каршы турушпайт? Демек, коомдогу террор, радикалдуулук, бийликке каршы чыккандарды коркутуп-үркүтүү, репрессиялоо бүгүнкү бийликтегилердин расмий саясатыбы деген ойго түртөт.


Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Турдумаматович Мамытов!


Урматтуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Новиков Артем Эдуардович!


Урматтуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев! 


Урматтуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Омоканович Ниязбеков! 


Мындай террорго, мындай радикалдуу аракеттерге өз убагында тыюу салбасаңыздар, өлкөдө мыйзамдуулукка, адам укуктарына жана тынчтыкка залакасын тийгизе турган процесстер күчөшү мүмкүн. Бардык жоопкерчилик сиздерде экенин унутпаңыздар. 


21-ноябрда “Ата Мекен” партиясынын штабында болгон терс көрүнүштү тез арада, объективдүү иликтеп, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартууга чакырабыз!


“Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын төрагасынын орун басары

“Ата Мекен” депутаттык фракциясынын катчылыгынын башчысы

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Акыл
Акыл Текени камаш салыш керек Аша жанына ошондо тынчыйт
Асыл
Штабыңардын жанынан ит үрүп өтсө деле бийликтен көрө бересиңерби? Текебаев өзүн өзү билемдигинен, мага эч ким сүйлөй албайт дегендей ар кимге орой мамиле жасап жүргөнүн элдин баары билет. Ошолордун бирине дагы кандай орой мамиле кылды ким билет...