Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

“Ата Мекен” партиясынын Саясий Кеңешинин жаңы курамы жыйын өткөрдү

28.04.2021 14:00
818
“Ата Мекен” партиясынын  Саясий Кеңешинин жаңы курамы жыйын өткөрдү


Кечээ, 27-апрелде “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын Саясий Кеңештин жаңы курамынын биринчи жыйыны өткөн. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Саясий Кеңеште бүгүнкү чек ара маселелесин чечүүдөгү кырдаал талкууланып, партия төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирүү жасаган.

Жыйынтыгында “Ата Мекен” партиясынын Саясий Кеңеши бир добуштан төмөндөгүдөй чечим чыгарган:

- Кыргызстан-Өзбектан, Кыргызстан-Тажикстан ортосундагы чек араларды тактап чечүү абдан маанилүү маселе деп эсептейт;
- Чек араларды коңшулар менен достуктун, ынтымактын принциптеринде чечүү зарылдыгын белгилейт;
- Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тигил же бул жер тилкелери алмашышы мүмкүн, бирок, Кыргызстан өзүнүн геостратегиялык мааниге ээ болгон объектилерин сүйлөшүүлөрдүн соодасына койбош керек деп эсептейт;

Ушулардын негизинде Орто-Токой, Кемпир-Абад суу сактагычтары Кыргызстандын гана менчиги, Кыргызстан элинин кызыкчылыгы үчун кызмат кылышы керек жана ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен башка мамлекетке берилиши мүмкүн эмес деген чечим кабыл алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн