Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Ата Мекен” жаңы парламенттен 33 мандатты мелжеп жатат

15.06.2020 12:14
1383
“Ата Мекен” жаңы парламенттен 33 мандатты мелжеп жатат


“Ата Мекен” саясий партиясынан күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катышууга киришип жаткан саясий илимдеринин доктору Азамат Темиркулов Жогорку Кеңештен 33 мандатка ээ болууну болжолдоп жатканын билдирди.


Биз буюрса эң аз дегенде 33 орунду ээлейбиз. Бирок бийликке жан талашпай, токтоо мамиле кылыш керек. Келечекте Кыргызстандагы саясатчылардын баары ушундай мамиле кылат деген үмүттөмүн”, - деп жазды ал социалдык түйүндөрдөгү баракчасына.


Белгилей кетсек, буга чейин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон саясатчылар тарабынан “Жаңы Дем” аттуу альянс түзүлүп, анын катарына Темир Сариев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Азамат Темиркулов жана бир катар жаш саясатчылар киргени маалымдалган эле. 



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Кудай буйруса баары жакшы болот