Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Ата-Журт Кыргызстан" №21. Таалайбек Масабиров (№11) ар дайым калк камында

19.11.2021 14:51
1220
"Ата-Журт Кыргызстан" №21. Таалайбек Масабиров (№11) ар дайым калк камында


Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, дасыккан спорт чебери, бир нече жогорку билимдин ээси, эли үчүн күйгөн мекенчил уул Таалайбек Масабиров кичи мекени Базар-Коргон районунан ишеним арткан шайлоочуларынын колдоосу менен Жогорку Кеңешке 6-чакырылышта депутат болуп шайланды. Шайлоочуларынын сураныч-талабын аткаруу үчүн күчү, билими жеткен жерде өзү жүрдү. Айрым маселелерди Өкмөттүн жана коомдук уюмдардын жардамы аркылуу чечип берүүгө жетишти.


Чү дегенде эле Базар-Коргон районунун борборунда эсил кайран СССРден калган чоң стадионду (28 жылдан бери кароосуз жаткан) капиталдык ремонттон өткөрүп, кошумча курулуштарды курдурду. Спорт десе ичкен ашын жерге койгон эл өкүлү, элеттен өлкөсүн дүйнөгө тааныткан спортчулар чыксын деген аруу тилекте өзү туулуп-өскөн Бешик-Жон айылына областтагы (Жалал-Абад областы) эң заманбап спорт комплекс жана кичи футбол аянтчасын салдырды. Бактылуу балалыктын башаты уялаган бала бакчаларды Акман айыл өкмөтүнүн Кайрыма айылына, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача, Жон айылдарына, Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылына курдурду. Тирүүлүктүн шаанисин улаган элет жериндеги айылдарды бириктирген жолду да көңүл сыртында калтырган жок. Карача, Бешик-Жон, Жон айылдарын бириктирген кан жол жана ички жолдорун оңдотуп түзөттүрдү. Билим берүү канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнгөн үчүн билим уясы болгон мектептерге да көңүл бөлдү. М.Мамбеталиев атындагы мектепти, Тагай уулу Камал атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрдү. Жон айылындагы К. Сооронбаев мектебин Капиталдык салымдар тизмесине киргизүүгө аракет жасады, буюрса, быйыл ишке ашат деген үмүттөбүз. Мындан сырткары маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүп, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн имаратын да капиталдык ремонттон өткөрүүгө жетишти.


Элет жериндеги көйгөйлүү маселелердин эң негизгиси болгон таза суу маселесин чечүүгө да зор салым кошту. Эл өкүлүнүн жардамы менен Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май, Шыдыр, Коткор, Аук айылдарында таза суу тартылып жатат. Акман таза суу реконструкциялоо долбоорунун толук демилгечиси. Долбоор 18 000 000 сомго бааланган. Бул долбоор толук ишке ашса, Акман айыл өкмөтүнүн айылдарынан сырткары Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бай-Мундуз айылынын жаңы конуштары толук таза суу менен камсыз болот. Элет жерин жарыктандыруу да орундуу маселе катары ишке ашырылуучу тизмеге кошулуп, көңүл сыртында калтырбай жеринде чечүүгө аракет жасады. Акман айыл өкмөтүндө 2017-жылы 1,5 миллион, 2018-жылы 2 миллион сомдук жарыктандыруу иштерин жүргүздү, андан сырткары Кайрыма, Жараке айылдарына трансформаторлорду орноттурду. Бешик-Жон айылынын жаңы конуштарына жарыктандырылды.


Улам элдин саны көбөйгөн сайын үй куруу үчүн маселе жаралат. Биздин райондо да ошондой кырдаал катталды. Бирок ал кырдаалдан да Таалайбек Айтмаматовичтин жардамы менен чыга алдык. Үй салам деген жаштарыбыз үчүн район боюнча 386 гектар жерди трансформациялоодо депутатыбыздын мээнети күч.


Базар-Коргон районундагы медицина тармагына да кайдыгер караган жок деп баса белгилеп кетким келет. Райондун борборунда жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам бөлүмүнө жаңы, заманбап үлгүдөгү имарат курдуруп берди. №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун капиталдык ремонттон өткөрдү. Бешик-Жон айылындагы ҮДТнын имаратын а капиталдык ремонт жасалды. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылына заманбап стоматологиялык клиника курдурду. Таажы вирус этектеп, элдин баары үйгө камалган кезде Таалайбек Масабиров Базар-Коргондуктардын абалын сурап, муктажга кол сунду. Буга чейин деле жердештеринен жардамын аячу эмес. Бул ирет эл өкүлү тарабынан он беш тонна ун, он беш миң бет кап жардам иретинде берилди. Унду жетим-жесир, жашоо-шарты оорлор, медицина кызматкерлери жана ардагерлер алды. Андан сырткары Т. Масабиров Базар-Коргон районуна жакын жайгашкан Сузак районуна он эки миң бет кап, Өзгөн районуна он миң бет кап таратты.


Андан кийин пандемия учурунда да эл өкүлү кол куушуруп отурбай, райондогу медицина кызматкерлерине маска, коргоочу кийимдерди, медициналык каражаттарды, кымбат дары-дармектерди, кычкылтек концентраттарын жеткирип берди.


2021-жылдын 15-сентябрында өлкөдө Билим күнү белгиленди. Билим күнүн утурлай ЖалалАбад облусуна караштуу Базар-Коргон шаарында 100 орундуу «Ак кеме-1» балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Андан сырткары Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында да 75 орундуу бала бакчанын ачылуу аземи болуп өттү.


Эске сала кетсек, бул эки бала бакчаны куруу Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын экс депутаты Таалайбек Масабировдун демилгеси менен башталган. Базар-коргондук шайлоочуларынын бала бакча куруп берүү жөнүндөгү өтүнүч арызынын негизинде Т. Масабиров Өкмөткө сунуш берип, республикалык бюджеттин эсебинен 2019-жылы 30-июнда капсула салынган. Бир күндө капсула салынган эки бала бакча кайрадан бир күндө пайдаланууга берилгени көңүл кубантарлык иш. Бала бакчалардын ишке берилүүсүн бөбөктөр гана эмес, чоңдор да кубануу менен кабыл алышты.


Шайлоочуларынын суранычтарын четке какпай, өз учурунда Өкмөткө жеткирип, өлкө казынасынан акча бөлдүрүп, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин курууда зор салым кошкон ЖКнын экс депутаты Таалайбек Масабировго элет тургундары рахмат айтышты. Андан сырткары өлкө казынасынын тартыштыгына карабай бала бакчаларды курууда республикалык бюджеттен акча бөлгөн өкмөт жетекчилерине да терең ыраазычылык билдиришти.


Элим-жерим деп күйүп-бышкан эл өкүлү элеттиктердин жашоо шартын жакшыртууда зор салым кошо алды десек жаңылбайбыз! Жетим-жесир, мүмкүнчүлүгү чектелген, жакыр жашаган жарандарыбызга берген жардамдары өзүнчө жакшы кепке арзыйт. Ар дайым шайлоочулары менен эсептешип, аларга берген убадаларын так аткарды. Элеттиктер менен Өкмөт жана коомдук уюмдардын ортосунда алтын көпүрө болуп, элге пайдалуу иштерди жасай алды. Эл камын ойлогон Таалайбек Масабировдой депутаттарыбыз көп болсун! Кудай буюрса, 7-чакырылышта депутат болуп, эл-жер үчүн пайдалуу иштерди аткарса деген изги тилегибиз бар.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн