Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

“Ата-Журт” жана “Мекеним Кыргызстан” партиясы бирикти

18.08.2020 13:44
1104
“Ата-Журт” жана “Мекеним Кыргызстан” партиясы бирикти


“Ата-Журт” партиясы “Мекеним Кыргызстандын” катарын толуктады. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстан” партиясынын штабынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, партия лидерлери Акматбек Келдибеков менен Мирлан Бакиров алдыдагы шайлоого бирге аттануу боюнча меморандумга кол коюшкан. Келишимде эки партиянын саясий ресурстарын бириктирүү чечими кабыл алынгандыгы тууралуу айтылат.


“Бул биздин партияларыбыздын тарыхындагы маанилүү окуя. Биздин максатыбыз да, көз карашыбыз да окшош. Бул союз чыныгы өзгөрүүлөргө түртүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп умүттөнөм”, — деген Мирлан Бакиров меморандумга кол коюу учурунда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн