Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ата-энеси белгисиз болгон балдарга жөлөк пул берилет

24.08.2020 17:35
1569
Ата-энеси белгисиз болгон балдарга жөлөк пул берилет


Кыргызстанда атасы менен апасы белгисиз болгон балдар үчүн ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулдун жаңы түрү киргизилди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда атасы менен апасы белгисиз болгон 42 бала бар.

"Жөлөкпул арыз түшкөн айдан кийинки айдан тарта бериле баштайт. Эгер арыз август айында түшсө, жөлөк пул 1-сентябрдан тарта бериле баштайт", – деди ал.

Министрдин айтымында, быйыл жөлөк пулдун төлөмдөрү үчүн 336 миң сом талап кылынат (ар бир балага 2 миң сомдон).

"Жылына бул жөлөк пулдун төлөмдөрү үчүн 1 млн сомго жакын каражат керектелет", – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, жыйындын соңунда Улукбек Кочкоров министрлик кызматтан кете тургандыгы боюнча арыз жазганын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн