14-январда Жайыл аймактык ооруканасына 7 жаштагы кыз эсин жоготкон абалда келип түшкөн. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы кабарлады.
Маалым болгондой, аймактык оорукананын дарыгерлери болгон аракетти жасаганына карабай өспүрүм кыз жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Кыздын ата-энеси иштеп келүү үчүн чет өлкөгө кеткен. Үй-бүлөдөгү 5 балага 18 жаштагы кыз карап калган.
Дарыгерлердин маалыматы боюнча кыз ач калып каза болгон.
Алардын үйүндө азык-түлүк да, көмүр да жок болгон.
Учурдаг укук коргоо органдары тиешелүү иш-чараларды өткөрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн