Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ата-энеси үйдө калтырып кеткен 3 наристеге жардам берилди

14.04.2023 10:23
315
Ата-энеси үйдө калтырып кеткен 3 наристеге жардам берилди

ӨКМ кызматкерлери ата-энеси  үйгө калтырып кеткен жаш балдарга жардам беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматка ылайык, 13-апрель күнү Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде 4 жашар кыз балконго чыгып, жардам сурап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 


Жерине дароо Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан кызматкерлер барып, алгач сүйлөшүү жүргүзүү менен кичинекей кызды балкондон үйгө кирүүгө көндүрүшкөн. Андан соң батирдин бекилген эшигин ачып киришип ичинде үч кичинекей 3 -5 жашар балдар бар экендигин көрүшкөн.


Куткаруучулар балдардын абалы жакшы экендигине көз салган соң, апасын чакырып өткөрүп беришти.


Ушул эле күнү куткаруучулар борбор калаанын Айтматов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн 6-кабатындагы батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ээси ачкычын унутуп калгандыктан, үйгө кире албай көпкө убара болгондугун айтып, а бирок ыкчам жана тез убакытта жардам көрсөткөн куткаруучуларга ыраазычылыгын билдирип коюу максатында ӨКМдин Куткаруу кызматынын диспетчердик нөөмөт номерине байланышкан.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн