Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ата-энесин карабай кеткен балдар жазаланат. Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

11.10.2023 12:26
232
Ата-энесин карабай кеткен балдар жазаланат. Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды


Жогорку Кеңеште депутат Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген Кылмыш жана Үй-бүлө кодекстерине жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр биринчи окууда жактырылды.


Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда балдары ата-энесин багуудан качкан жана карылар үйүндө калтырган үчүн 100 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.


Демилгечи ошондой эле ата-энесин карабай койгондорду мамлекеттик кызматка албоону сунуштоодо.


Маселени карап чыгып, 71 депутат өзгөртүүлөр долбоорун биринчи окууда кабыл алуу үчүн добуш берди.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Elya
Кудай жардамчы болсун! Кызым дагы качып жүрөт. Же өз келечегинен жок ,же жардамы жок . Атасыз жалгыз чоңойттум. Ушундай балдарды көзөмөлгө алып. Жазаларын бериш керек!