1. Ата журт – ыйык кенч!
Улуу мурасыбыз “Манаста” эң оболу эмне улук, эмне ыйык? Биринчи иретте Ата журт ыйык, эл улук. “Манаста” Ата журт менен эл бири-биринен ажырагыс эгиз түшүнүктөр. Ата журтсуз эл карып, элинен, калкынан ажыраган Ата журт жетим. “Манастагы” трагедия ырайымсыз баскынчы жоодон чабылып-чачылып, ак калпак калктын (“бири кетти Алтайга, бири кетти Каңгайга, бир кетти Эренге, бири түштү тереңге”) Ата журтунан ажырагандыгына байланышкан. “Тентиген бурут” атыгып, душмандын көзүн карап, кор болуп күн көргөн алтайлык кыргыздын күнкор тагдыры, ошол Алтайдагы ак элечек байбичелердин, ак сакалдуу карыялардын “кара өзөн кайда, бел кайда, аталаш кыргыз эл кайда?” деп ыйлаган муң-зары, саргайган сагынычы адам баласы үчүн тууган жердин – Ата журттун канчалык зарыл жана ыйык экендигин күбөлөп турат. “Туулган жердин топурагы алтын” деген сөз бекеринен айтылбаптыр да. Кыргыздын дагы бир макалында “ар кимдин туулган жери – мисир” делет. “Бешигим – мекен”, “Ала-Тоомсуз мен киммин – ата-энесиз жетиммин”, “Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо, калкып жаткан кандай укмуш немесиң, кереметтүү сен атасың, энесиң” деген сөздөр да улуу сөздөр. Жаш Манас баатыр да Кошой дөөгө учурашканы келип, Ала-Тоону көрүп, “мындай кызык жер болбос, мындай кызык көл болбос, суусунда миңдей түр экен, түгөнбөс ырыс-кен экен, жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы!” деп чын жүрөгүнөн толкундап, ата конушун көкөлөтүп көккө көтөргөн. Кошой даанышмандын биринчи эле Манаска айткан сөзү да ата конуш, эл жөнүндө болот. “Таалайга бүткөн жан болсоң, таап ал Талас жериңди, күтүп алгын кулунум, күрдөөлдүү кыргыз элиңди” деп азамат эр үчүн бу тирүүлүктө биринчи ыйык жана улук нерселер эмнелер экендигин Манаска туюндурат. Манас Алтайда төрөлүп өссө да, анын ой-санаасы, каны-жаны Ала-Тоо, Ата журту менен тамырлаш.
Ак асаба, кызыл туу
Аягын жерге сайбасам,
Асабасын жайбасам,
Атым өчүп калбайбы,
Атамдан калган Ала-Тоо
Алтайдан калбай албасам, - дейт Манас жандүйнөсү элеп-желеп болуп. Манастын бул монологунан анын Ата журтка болгон кусалыгын жана ашып-ташкан мекенчил сүйүүсүн көрөбүз. “Атым өчүп калбайбы” деп намыстанган Манас өзүнүн адамдык жашоосунун маңызын Ата журту менен тыгыз байланыштырат.
Бир сөз менен айтканда, улуу “Манас” эпосунда Ата журт эң жогорку дөөлөт, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык баалуулук. Ал – бөлөнгөн бешигиң, учкан уяң, конгон тууруң, жандүйнөңдүн пайдубалы, ичтен тиреген тирегиң, ата-бабаңдын конушу, куттуу коломтосу, “Алтын бешик – тууган жер, кагылайын Таласым!” (Каныкей). Кыргызда “басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин” деген сөз бекеринен айтылбаган. Ата журт жана атуулдук сүйүү бул экөө бири биринен ажырагыс. Ашып-ташкан атуулдук сүйүүсүз Ата журт бактысыз. Манастын, Бакайдын, Кошойдун, Каныкейдин, Чубактын, Сыргактын атуулдук сүйүүсүнөн ыйык Ата журтубуз – Ала-Тоо көгөрүп-көктөгөн. Ата журт – кыргыздын фундаменталдык кенчи. Манастын мекени – О, Ала-Тоо, түбөлүк тур! Манастын бүгүнкү урпагы минтип ырдап турат:
Кутманым Жалал-Абадым,
Жаныма өзүн дабасың.
Жердеген айкөл Манасым,
Кымбатым менин Таласым.
Сары-Өзөн Чүйүм кең экен,
Түгөнбөс алтын кен экен.
Нарыным бийик чеп экен,
Ордолуу Ошум берекем!
Бишкегим – ордом, түнөгүм,
Баткеним сени сүйөмүн.
Ысык-Көл – өмүр мүрөгүм,
Ала-Тоом – соккон жүрөгүм!
2. Эл – улуу кут!
Ата журттун ээси – эл. Ата журт эли менен толук, калкы менен көрктүү “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” деген эмеспи Барпы акын атабыз. “Манас” эпосунда «бири кетип Алтайга, бири кетип Каңгайга» деп кыргыз туш-тушка чачылып тараганда, Ала-Тоо баскынчы жоонун таман алдында онтоп, жетимсиреп, мөңгүлөрүнөн «жаш аккан». Эл деген – бир калдайган чоң бүтүндүк. Ал эми жеке адам ошол бүтүндүктүн бир бөлүкчөсү. Өзүнүн киндиги туташып турган бүтүндүктөн бөлүнүп, жалгыз калган адам жетимсиребей кантет? «Аталаш кыргыз эл кайда?» деп зар какшап сакалы ылдый жаш куюлтуп ыйлаган Алтайдагы карыя жетим эмей эмне? Жеке пенденин бактысы эли менен болгон биримдигинде.
«Эл ичи – алтын бешик» делет кыргызда. Ошол «алтын бешиктен» бөлүнүп калгандыгы үчүн Манас:
Жердеп турат жеримди,
Ээлеп турат элимди,
Текес менен Алооке,
Кетирип турат кебимди, - деп Алтайда кайгы тартып турат. Ооба, эл ичи алтын бешик. Ошол «алтын бешикте» тилиң чыгып, «апа», «ата» деген аруу сөздөрдү алгач оозанып, дилиң каймактап, элиңдин эреже-жоболору, адеп-ахлагы рухуңа сиңип, адам болуп торолгонсуң. Эл деген өзүнчө бир жаткан ажайып керемет кенч. Ошон үчүн аялзаттын тунугу, ак жоолуктун улугу Каныкей:
Өйдө бассам өбөгүм,
Мүдүрүлсөм жөлөгүм,
Төбөдөгү жылдызым
Кырк уруу кайран кыргызым! - деп элди баа жеткис асыл кенч катары көкөлөтүп отурат. «Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» дейт акын Арстанбек. Чынында эле, адамдын эмгек-мээнетин баалап, атын чыгарып, нарк-насилин таразалап, аброюн көтөрүп, бийикке коё турган күч – дал ушул эл болот. Талантыңды ача турган, эрдигиңди баалай турган, өмүрүңдүн, жашооңдун маани-маңызын өлчөй турган эл. Ошон үчүн «эл менен сен бийиксиң» деп жатат Арстанбек. Ошон үчүн Кошой Манаска “эл болсо сен барсың, эл болсо мен бармын. Коргонду көздөй баралы, конуп кепке каналы, караан калган кыргыздын бир айласын кылалы. Чачылганда жыйнайлы, үзүлгөндү улайлы» деп отурат. Ал эми Манас болсо, «кулаалы жыйып куш кылууну, курама жыйып журт кылууну» көздөп, кыргыз журтун калыбына келтирүүнү максат кылып жатат. «Манастагы» Ата журт менен элди бириктирүү – улуу мүдөө.
Эл деген, албетте, өзүнүн нарк-насили, асыл сапаттары менен өрнөктүү. Ала-Тоодой ажайып кооз жерге асыл баа нарк жарашат. «Манаста» кыргыз эли «биздин элди сурасаң, баатырлар менен жүрөктөш, балбандар менен билектеш, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөрү жалдуу кабылан, бөтөнчө Ата журт олуя, беттеп адам барбаган» делип ардакталып, сыймыктанган сезим менен бийик деңгээлге коюлат. Манас доорундагы бийик сапаттарын жоготпой, ал адеп-ахлакты байытып, сактап, кыргыз элинин абройлуу калкка айлангандыгын Манас атанын урпагы, Кыргыз эл акыны Замирбек Үсөнбаев төмөнкүчө даңктап, ырга салган:
Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түйшүктүү күндө күчөгөн.
Кемчилин оокат жайынын,
Кейибей туруп бүтөгөн.
Жок болсо муңга батпаган,
Ток болсо көөп жатпаган.
Тоо көчүп келе жатса да,
Тоготпогон, шашпаган.
Урматтап, сыйлап ар дайым,
Улуусун эч бир какпаган.
Адамдык атын булгабай,
Абийрин таза сактаган.
Айтылган нуска өрнөгү,
Аксакалдар төрдөгү,
Ала-Тоодон заңкайып.
Балдарын ороп мээримге,
Байбичелер балпайып,
Ак-мөңгү түстүү элечек
Айрыкча көрктүү шаңкайып.
Ай десең айдан сулуурак,
Күн десең күндөн жылуурак.
Кыялы назик дилиндей,
Кыздары тоонун гүлүндөй.
Асканы бузган бүтүндөй,
Айбаты дайра күчүндөй.
Уйпалап ташты кум кылган,
Уулдары кылыч мизиндей.
Сабаага бышып бал кылган,
Саамалы суусун кандырган.
Чаначка чайкап бал кылган,
Чаңкасаң кымыз кандырган.
Мейманы келсе той кылган,
Мээримин төгүп кондурган.
Жатагына тай союп,
Жайнатып даамын мол кылган.
Ыйманы тунук булактай,
Ырыскысын зор кылган.
Өзгөчө тилин сактады,
Өтсө да жылдар миңдеген.
Алп таланттар чыгышып,
Алтынын сөздүн иргеген.
“Манасты” даана таанытты,
Маанилүү кыргыз тил менен.
Санай келсе аз элбиз,
Сапаты тунук таза элбиз.
Көрүнүшү аз элбиз,
Көркөм дүйнөсү таза элбиз.
Аккан суудай шар элбиз,
Ар-намысы бар элбиз.
Тартынбаган курч элбиз.
Таланты бийик ырчы элбиз.
Замирбек Үсөнбаевдын бул ырдаганы төгүндөлгүс акыйкат. Акыныбыз элдик нарктын каймагын калпып, чындыкты ырдаган. Кыргыз эли ушундай менталитети менен барктуу да, өзгөчөлүү дагы.
Эл – жаратман, түзүүчү. Анын жаратмандык чыгармачылыгы, эр уул-кыздардын патриоттуулугу Ата журтту сактайт, коргойт жана гүлдөтөт. Элдик акыл-эсте эл эң жогорку улуу асыл нарк, улуу кут. Эрден ашмак бар, элден ашмак жок. Эл – жеке инсандын баалуулугунун чен-өлчөмү, Ата журттун ээси жана колдогон пири. Манасты эл жараткан. Манас элди сактаган, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, кулалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган. Семетей Манас атасынын ушул патриоттук баатырдык иштерин улантуу үчүн Букардан Ала-Тоого кайтып келген. Семетейдин аны 12 жыл бою күткөн Бакайдын алдында айтып турган сөзү:
Бул – Манас конгон майлуу журт,
Манаска жаккан жайлуу журт,
Кудайым берген куттуу журт,
Сагынып келдим мыктуу журт.
Каныкей мени тууган журт,
Киндик каным жууган журт.
Киндигимди кескен журт.
Кийимимди эзип жууган журт.
Атпай журтка кан болуп,
Атам Манас өткөн журт.
Аягы Талас, башы Чүй,
Атпай кыргыз өскөн журт.
Жамандык кылган душманы
Жанына келбей безген журт.
Шер Манас – Манас болгон журт,
Бакты, дөөлөт конгон журт.
Атагы чыгып дөө болгон,
Баатырлар өсүп, өнгөн журт.
Ушул жерден аттанып,
Жоо келсе жообун берген журт.
Кара көзүң кал басып,
Какшап жүрсөң мен үчүн,
Ак сакалың чаң басып,
Азап тартсаң эл үчүн,
Айланайын абаке,
Мен арзып келдим эл үчүн,
Абакем Бакай сен үчүн.
Акшумкардай айланып,
Акыры келдим жер үчүн.
Жетим кетип, жетилип,
Кайрылып келдим калкыма.
Кара жаным өлбөсө,
Жетермин аба, баркыңа!
Чын Семетей өзүммүн,
Чырагың келди кашыңа!
Чындап жаным кашайды,
Кагылайын абаке.
Көзүңдөн аккан жашыңа!”
Караңызчы, Ата журт, туулган жер, тууган эл жөнүндө терең маани-маңызга толгон кандай укмуш сөздөр айтылган! Эл-жерге болгон сүйүүнүн, ой жүгүртүүнүн манасча маштабы деп ушуну айтыш керек. Бул сөздөрдөн Семетейдин руханиятынын жана патриоттуулугунун көкөлөгөн бийиктиги кашкайып ачыкка чыгып турат. Ушундай уулдук сүйүү аркылуу Ата журтубуз жана элибиз сакталып келген. Семетей үчүн Ала-Тоо, Ата журту – ыйык кенч, ак калпак кыргыз эли – улуу кут! Манастын, Семейтейдин руху – бүгүн бизге тирек. Элим-жерим деген рух менен биз бекембиз жана түбөлүктүүбүз!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн