Токио-2020 Олимпиада оюндарында эркектер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков көңүл жубатуучу беттеште жеңилип калды.
Атабек Азисбеков 1/8 финалда Виктор Леринцке жеңилип калган. Леринц финалга чыккандыгына байланыштуу Азисбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Бүгүнкү көңүл жубатуучу беттеште кыргыз балбаны германиялык Денис Максимилианга 10:2 эсебинде жеңилип калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн