- Атахан, кандай адам опера ырчысы боло алат?
- Опера ырчысы болуш үчүн көп эле шарттар зарыл. Айтайын дегеним, эң биринчи талант, анан үнүң керек. Ошондой эле ритм сезими да күчтүү болушу шарт. Өзгөчө ритм сезими үндөн да жогору болбосо, мыкты ырчы жаралбайт деп ойлойм. Эң негизгиси, үнүңдү өнүктүрүүдө талыкпаган эмгек да маанилүү ролду ойнойт. Советтик доордо тартылган "Приходите завтра" деген кинодо “ырдоого үнүңдүн бар экени сенде жакшы фортепиано бардай, бирок анда ойнош үчүн үндү башкарып, көп эмгектениш керек” деп айтылат. Мен да ошол ойго кошулам. Анан үндү өнүктүрүү, туура тарбиялоо дагы чыныгы лотереядай экенин билем. Мыкты ырчы болуш кайсы мугалимден сабак алганыңа, устатыңды жарым сөздөн түшүнгөнүңө жараша да болот.
- Укканыма караганда, опера ырчыларынын үнүн сөзсүз бирөө тарбиялайт экен. Устатыңыз ким?
- Менин устатым Жакшылыков Талгар Каримович. Агайга абдан ыраазымын! Мен кандай ийгиликке жетсем, агайдын салымы зор. Башында музыкалык мектептен билим алып, фортепианодо ойночумун. Кийин эле консерваторияга келип, “Сольное пение” кафедрасында ырдап калдым.
- Опера ырчысынын башка ырчылардан кандай артыкчылыгы бар?
- Опера ырчысынын артыкчылыгы – опера микрофонсуз ырдалат. Ошон үчүн опера ырчылары спортсмендердей дайым машыгып, үндү өнүктүрүп турушу керек.
- Кыргызстанда операны сүйүп уккандар барбы?
- Ачыгын айтканда, опера бизде анчалык деле популярдуу эмес. Бирок ага карабастан театрда жаш көрүүчүлөрдүн көбөйгөнү суктандырат.
- Сиз ырдаганда элдин баары кунт коюп угуп калат экен. Үнүңүзгө кантип кам көрөсүз?
- Ырдоонун алдында муздак жебей сактанам. Ошондой эле болушунча жигердүү жашоо образы менен аракеттенем. Физикалык көнүгүүлөрдү жасайм.
- Москванын приоритеттүү жайларынын бири болгон С.В.Рахманинов атындагы концерттик залда дагы ырдапсыз, толкундандыңызбы?
- Өткөн жылдын октябрь айында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү Москвада өттү. “Москва” жана С.В.Рахманиновдун концерттик залдарында Кыргыз Республикасынын атынан ырдадым. "Москва" залы 4300 кишиге ылайыктуу болгондуктан, мен ырдаган залдардын эң эле чоңу. Ошондонбу, Кыргызстандын атынан барганыма абдан сыймыктанып, толкундандым. Жан дүйнөмдө керемет сезимдерге туш болуп жатсам дагы ырды жогорку деңгээлде аткардым.
- Чыгармачылыгыңызда дагы кандай жаңылыктар бар?
- Азыр көп эл аралык конкурстарга катышканга аракет кылып жатам. Чет өлкөдөгү чоң сахналарга Кыргызстандын атынан чыксам деп кыялданам. Негизги жумушум театрда болгондуктан, көп учурда ошол жерде болом. Чакырган жерлерге барып, ырдап берип коём.
- Репертураңызда канча ыр бар?
- Чынын айтсам, репертуарым көбүнчө эле Болот Миңжылкыевдин репертурындагы ырлар. Болот агабыз кыргыздарга өзгөчө үнүнөн тышкары, жаш опера ырчыларына өзүнүн ырларын дагы калтырган. Ошон үчүн Болот Мыңжылкыевдин чыгармаларын сыймыктануу менен ырдап турам.
- Үнүңүздү Болот Миңжылкыевге окшоштуруп, концертке, тойго чакыргандар көппү?
- Колумдан келишинче концерттерге катышып, ырдаганга аракеттенем. Көбүнчө театрда жана филармонияда ырдайм. Тойлордо ырдаш дагы өзгөчө ырахат экенин билем.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн