Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Атамбаев Батукаев боюнча Путинге кат жазган, - Бакыт Төрөбаев (видео)

20.04.2021 15:05
1070
Атамбаев Батукаев боюнча Путинге кат жазган, - Бакыт Төрөбаев (видео)


Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Ютубдагы “Автор ТВ” каналына маек берип жатып, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үй камагына чыгарылса жакшы болмок деген ою айтты.

  1. “Атамбаевдин ишине байланыштуу Кой-Таш окуясы боюнча адам өлүмү катталган, ал боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок Батукаев боюнча бир нерсени сиздерге айтып коёюн, жашыруун материалды өз көзүм менен көргөм.  Атамбаевдин Путинге жазган катын көрүп, окугам. Ал жерде жазылгандын баарын айта албайм, бирок жалпы мазмуну Батукаевди Кыргызстанга кайра кайтаруу болчу. Путинге жолдогон бул катты окуганмын”, - деп билдирди депутат.

Ошондой эле ал бул иштерди тергөө жана сот чечет деген оюн айтты. "Атамбаев кандай болсо да 6 жыл президент болгон. Бийликтегилер туура көрсө үй камагына чыгарса жакшы болмок. Орозо айында турабыз, жогорку бийликтегилерде бир аз гумандуулук болсо туура болмок", деди ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн