Бүгүн, 6-апрелде Биринчи Май райондук сотуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинди. Ал сот залында экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси эмнеден улам бузулганын айтып берди.
"Менин оюмда эмне болсо ошону түз айтам. Сапар Исаков Райымбек Матраимовду кызматтан алгандан кийин экөөбүздүн мамилебиз бузулган. Муну мен буга чейин дагы айтканмын",- деди Алмазбек Атамбаев.
Эске салсак, эки күндөн бери Атамбаев сотко алынып келинип, ден соолугуна байланыштуу тез жардам менен алынып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн