Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүн

30.11.2020 21:56
586
Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүн

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүн. Мындай пикирин анын жактоочусу Сергей Слесарев  билдирди.


Эске салсак, бүгүн Жогорку сот Батукаевдин мыйзамсыз бошоп кетиши боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголуп, аны 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча мурдагы өкүмдү жокко чыгарган. Андыктан жаңыдан кароо үчүн иш Биринчи май райондук сотуна жиберилген.


Жактоочу кийинки процедуралар туурасында Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечиминин акыркы бүтүмү боюнча кагазды колуна алгандан кийин гана так айтарын билдирди.


"Бул иш боюнча камакка алууну караган баш коргоо чарасы белгисиз мөөнөткө колдонулган. Азыр өкүм жокко чыккандан кийин эми колдонулбай калды да. Андыктан Атамбаев коё берилиши керек", — деп түшүндүрдү жактоочу.


Юрист Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечими Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка келип түшкөндөн кийин Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүндүгүн айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн