Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Атамбаев менен Ниязов келген жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот жылдырылды

20.09.2021 17:26
739
Атамбаев менен Ниязов келген жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот жылдырылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму бир аптага жылдырылды. Кийинки отурум 27-сентябрга белгиленди.


Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов сотко алынып келинген жок. Адвокаттары мунун себеби белгисиз экенин айтышты.


Буга чейин Атамбаев ооруп калганы, бирок медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы аны отурумга катышууга уруксат бергенин адвокат Сергей Слесаров билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн