Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Атамбаев жубайы жана балдары менен жолугушууну суранып жатат

14.05.2020 09:41
985
Атамбаев жубайы жана балдары менен жолугушууну суранып жатат


Азыр абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жубайы жана балдары менен жолугушууну суранып жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

 

Анын айтымында, өтүнүч сотко берилген, бирок азырынча ал карала элек.


“Мен жактап жаткан адамдын абалы дагы деле кооптонууну жаратат. Кан басымы өтө жогору, бирок соттук отурумдарга катышууга макул болуп жатат”, - деген Слесарев.


Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн