Жалил Атамбаевдин баласы жакынкы жылдары кызматтык тепкичтерде көтөрүлө албайт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.
Ташиев кыйын учурда Атамбаевдин той бергени элдин бетине түкүргөнү дейт.
“Эгер Жалил Атамбаевдин көп байлыгы болсо берсин элге мамлекетке. Тоюнда 3-4 автоунаа байгеге коюп минтип той өткөргөнү элди тоготпогондук. Бирок мындай кийин мындайга жол бербейбиз. Баласы бизде иштейт экен аны эми үйлөнгөнүң үчун деп жумуштан кетирип жиберген болбойт. Бирок жаза катары ага катуу сөгүш берилди. Эми ал бала атасынын кылганынан улам жакынкы жылдары кызматтык тепкичтерде көтөрүлө албайт. Бул башка байларга да сабак болсун. Тойлор болуш керек бирок моралдык жагын да карашыбыз керек да”, – дейт Ташиев.
Пикирлер (1)