Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Атамбаевдин коррупциялык кылмыштар боюнча сот отуруму жылдырылды

12.06.2020 18:23
1387
Атамбаевдин коррупциялык кылмыштар боюнча сот отуруму жылдырылды

 

Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, сот отурумунда А.Атамбаев, И.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралмак.


Жактоочулар З.Жоошев, С.Слесарев жана Н.Зотованын келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук териштирүү 16-июнга саат 10:00гө жылдырылган.

 

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн