Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум уланды.
Анда күбө катары Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева көрсөтмө берди.
Анын айтымында, ал "Форумдун" алдырды митинг өткөрүү боюнча Атамбаевдин алдына сүйлөшүү үчүн барган кезде операция башталып ал Фарид Ниязов, Атамбаев менен чогуу үйдүн ичинде калып калган.
"Мен үйдүн ичинде болгом. Курсан Асанов менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген.
Атамбаев пакетти жактоочусу Сергей Слесаревге берүүнү суранган. Анын ичинде Атамбаевдин үйүнүн документтери болгон",- деди Жолдубаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн