9-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы сот ишин кийинкиге калтырды.
Отурумду судья Азирет Медеров алып барууда.
Атамбаевди сот жараянына алынып келген жок.
Күзөт кызматкерлери 47-абактагы Атамбаевге арыз беришкен. Ал ден-соолугуна байланыштуу процессти бир жумага жылдырууну суранды. Арызга медициналык справка тиркелди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн