Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Атамбаевдин тоюнда депутаттар эмне деп каалоо-тилек айтты? (видео)

25.12.2020 10:19
1069
Атамбаевдин тоюнда депутаттар эмне деп каалоо-тилек айтты? (видео)


Оштогу белгилүү ишкер Жалил Атамбаевдин  УКМКда иштеген уулунун тою өткөн жумада эң көп талкууланган окуялардын бири болду. Пандемия шартында миңге чукул адамга шаан-шөкөт уюштурган ишкердин баласы сөгүш берилгени да маалым болду.


Бул салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик ири чиновниктер да катышканы белгилүү болгон. “Кактус Медиа” сайты аталган тойдо каалоо-тилек айткан “чоңдордун” тасмасын жарыялады. Анда ЖК депутаттары Аида Касымалиева, Алтынбек Сулайманов, Искандер Гаипкулов, Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Руслан Чойбеков, Нургазы Айдаров, Данияр Толоновдорду байкоого болот. Мындан сырткары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, “Манас” эл аралык аба майданынын президенти Бактыбек Сыдыковдор каалоо-тилек айткан. 




Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Мына сага коррупция менен курош.Табакташ булар