Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары жана колдоочулары №47 колониянын жанына акцияга чогулду. Бул тууралуу “Апрель” телеканалы маалымдады.
Буга чейин Атамбаев СИЗО-1ден №47 колонияга которулган болчу. Ошондой эле мурдагы президенттен бронхит дарты табылган. Анын тарапташтары Атамбаевге азык-түлүк жеткирип, ошол эле учурда аны моралдык жактан колдоо үчүн чогулганын билдирди. Алардын арасында Раиса Атамбаева да бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн