Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Атамбаевге Батукаев боюнча айыбы угузулду

23.01.2020 17:56
677
Атамбаевге Батукаев боюнча айыбы угузулду

Бүгүн, 23-январда Биринчи май райондук соттук отурумунда кримтөбөл Азиз Батукаевин өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге  коррупциялык схемаларды түзгөндүгү боюнча айыптоо угузулду.

Парламент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алууда ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзүп,  Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына,  анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген.

Бул фактынын негизинде А.Атамбаевге, И.Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. 2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн