Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Атасы да, энеси да белгисиз болгон балдарга ай сайын 2000 сомдон жөлөкпул бериле баштайт

15.07.2020 19:02
1049
Атасы да, энеси да белгисиз болгон балдарга ай сайын 2000 сомдон жөлөкпул бериле баштайт


Мурда мамлекеттик жөлөкпулдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалса, эми муктаж жарандар кайсыл жерге кайрылса ошол жерден жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бүгүн, 15-июлда онлайн брифингде билдирди.

Анын айтуусунда, жарандын жашаган жери боюнча маалымкат талап кылынбайт.

Улукбек Кочкоров белгилегендей, ата-энесинин экөө тең белгисиз болгон балдарга ай сайын 2000 сом өлчөмүндө жөлөкул бериле баштайт. Бул балдарга банктан жеке эсеп ачылат, ал жерге мамлекет тарабынан берилген акча каражаты топтолот. 18 жашка чыккандан кийин ата энесинин экөө тең белгисиз болгон бала жеке эсебиндеги топтолгон акча каражатын колдоно алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн