Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Атасы келинин өлтүргөн баласынын күнөөсүн мойнуна алууга аракет кылды

03.09.2021 15:37
609
Атасы келинин өлтүргөн баласынын күнөөсүн мойнуна алууга аракет кылды

Бишкекте атасы баласынын кылмыш ишин жашырууга аракет кылган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2-августта болжол менен саат 18:50дө “102” кызматына Бишкектин Көлбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде киши өлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген.


“Белгисиз аял үй-бүлөлүк чыр-чатак болгондугун айтып, азыр баары жайында экендигин билдирип, милициянын кереги жок экендигин айткан. Бирок ошол үйдүн жашоочусу 1963-жылы туулган С.И аттуу жаран менен маектешүү учурунда ал өзүнүн 1987-жылы туулган С.О аттуу келинин шаардын сырт жагында өлтүрүп койгондугун билдирген”, - деп айтылат маалыматта.


Ал дарекке барганда С.И. аттуу жарандын А.Д. аттуу баласы өзүнүн аялын өлтүрүп, сөөктү жашыруунун амалын издеп жаткан жеринен кармалган. Шектүү тергөө кызматына өткөрүлгөн.


Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин (“Киши өлтүрүү)” негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн