Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ошто атасындай болгон кишини ур-тепкиге алып өлтүргөн адам кармалды

17.07.2020 11:47
887
Ошто атасындай болгон кишини ур-тепкиге алып өлтүргөн адам кармалды


Ош шаарында таанышын эски таарынычынан улам ур-тепкиге алып өлтүргөн. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка караганда, 15-июль күнү Ош шаарынын Туран кичи шаарчасына жакын жайгашкан “Дача” аймагындагы көпүрөнүн алдынан киши колдуу болуп каза болгон, 1964-жылы туулган, Алай районунун тургуну Т.Б. аттуу жарандын денеси табылган. 16-июль күнү бул кылмышка шектүү катары анын таанышы, 1988-жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну Ш.Т. кармалды.


“Шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда, маркум менен экөө көп жылдардан бери тааныш болушуп, бирге жарандардын кызматын жасашып, жан багып келишкен. Ошол күнү экөө кайрадан табышып, окуя болгон жерде, суу боюнда алкоголдук ичимдик ичип отурушуп, эски таарынычтары козголуп, өз ара кайым айтышып кетишкен. Кайым айтышуу мушташка алып барып, натыйжада Ш.Т. шеригин ур-тепкиге алып, алсыз абалда таштап кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде жан берген, - деп айтылат маалыматта.


Учурда аталган факт боюнча тергөө амалдары башталып, шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн