Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:39
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ататүрк паркынын аянтын калыбына келтирүү үчүн 198 объект буздурулууга тийиш

16.04.2024 13:06
120
Ататүрк паркынын аянтын калыбына келтирүү үчүн 198 объект буздурулууга тийиш


Ататүрк атындагы сейил багында 198 объект буздурулууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, бул чечимдин максаты практын 107 гектарды түзгөн аянтынын чек арасын бекитүү болуп саналат.

“Биз 1992-жылдагы кабыл алынган токтомго кайрылып келдик. Бул чечим мурда кабыл алынган бардык чечимдерди, тактап айтканда, жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга берүүгө байланыштуу 124 чечимди жокко чыгарат дегенди билдирет. Жер тилкелерин кайтарып алуу, мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлөт. Бул жокко чыгарылган чечимдерге 198 объект кирет”, - деди ал.

Калаа башчысы белгилегендей, бардык объектилерди буза турган максатыбыз жок, парктын чек арасын өлкөнүн учурдагы мыйзамдарына ылайык келтирүү милдети гана турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн