Коронавирус пандемиясынан улам жардам берүүгө өлкөдө 2 атайын эсеп ачылган. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2 атайын эсеп счетко жалпы 109 миллион 484 сом келип түшкөн.
1-эсеп калктын аярлуу катмарын жардам көрсөтүү максатында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында счет ачылган. Ал жака 6 млн 484 миң сом түшкөн.
Ал эми, экинчи эсеп коронавируска каршы күрөшүү максатында Финансы министрлигинин астында атайын депозиттик счет болуп ачылган. Ага 8-апрелге карата жалпысынан 103 млн сом келип түшүп, бул каражаттар толугу менен медициналык максатта жумшалары айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн