Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Атайын эсепке түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү

28.03.2020 20:32
922
Атайын эсепке түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү


Кыргыз өкмөтү тарабынан өлкө аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү чараларын каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн гуманитардык жардам жана акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Комиссия мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен, Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана жарандык сектор өкүлдөрүнөн турат.

Бул чечим түшкөн акча каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү, ошондой эле гуманитардык жардамды бөлүп берүү максатында кабыл алынды. 

Финансы министрлигине Кыргызстан аймагында коронавирус инфекциясынын жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачуу тапшырмасы берилди.

Муну менен катар КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы №76-б буйругунун негизинде буга чейин ачылган Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруусундагы эсепке топтолгон каражат өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылуусуна жол бербөө жана ага каршы күрөшүү иш-чараларын каржылоо үчүн депозиттик эсепке толук көлөмдө которулат.

Акча каражаттарын ачык-айкын топтоо жана бөлүштүрүү максатында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT-штаб www.help.covid.kg онлайн ресурсун ишке киргизди. Анда келип түшкөн каражаттардын көлөмү жана алар кайсы иш-чараларга жумшалаары реалдуу режимде көрсөтүлүп турат.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн