Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Атайын эсепке түшкөн каражаттын бир бөлүгү дарыгерлерге жумшалат

31.03.2020 18:22
885
Атайын эсепке түшкөн каражаттын бир бөлүгү дарыгерлерге жумшалат

 

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү инфекция катталган аймакта иштеп жаткан  медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн жумшалат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, мындай чечимди өлкө аймагында коронавирус инфекциясын жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн ачылган депозиттик эсептеги акча каражатын бөлүштүрүү комиссиясы кабыл алган. 


Маалыматка таянсак, 31-март саат 14:30га карата эсептке 61 млн 239 миң 736 сом түшкөн. Анын 38 млн 559 миң 307сому өлкө аймагындагы вурус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине  которулган.

 

Эскерте кетсек, 28-мартта Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачылган болчу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн