Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 21:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Атазов мандатын алуу боюнча соттун чечимине комментарий берди

07.03.2024 12:13
235
Атазов мандатын алуу боюнча соттун чечимине комментарий берди


Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатынан ажыратуу боюнча Бишкектин административдик соту чыгарган токтом тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу ал 6-мартта Фейсбуктагы баракчасына соттун чечими мыйзамсыз экенин жана бул “мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын” жазды.

“Эч кандай юридикалык аргумент, фактылары жок. Өлкөбүздөгү саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалды! Тилекке каршы өлкөбүздө президенттин айланасына кайрадан эки жүздүү аферистер, шылуундар, сүлкүлдөгөн сүмбүлдөр топтолуп калды... Алардын атын атап, коомго жүзүн ачпаса болбойт окшойт?! Мен эми мага болуп жаткан акыркы алты айдагы саясий кысым жана аны кимдер уюштуруп жатат баарына күн сайын убакытка карап токтолуп турайын. Сабыр кылдым, жөн коюшпады”, - деген Шайлообек Атазов.

Бишкектин административдик соту 1-мартта 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн