Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:58
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Атазов мандатынан ажырайбы?

03.11.2023 11:46
567
Атазов мандатынан ажырайбы?


Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралганын, анын тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакыртылганын “Азаттык” өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

Бул иштин 2022-жылдагы кайра шайлоого тиешеси бар болушу мүмкүн. Атазов суракка баргандардын ага тиешеси жок экенин айтууда. Бул окуя УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөдө Көлбаев-Матраимовго жакын адамдар мамлекеттик кызматтан тазаланары тууралуу билдирүүсүнө туш келди.

Бишкектин Свердлов округунан депутат болгон Атазов Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жакын адамы катары белгилүү.

"Атазовдун балдары" деп экөөнү кармашыптыр"

“Азаттык” Шайлообек Атазовго байланыштуу маалыматты такташ үчүн алгач Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына, андан кийин Ички иштер министрлигине кайрылды.

ИИМдин басма сөз кызматы Атазовго тиешелүү делген иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте экенин, башка маалымат бере албай турганын билдирди. Ал эми УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Депутат Шайлообек Атазов атайын кызмат кармап, андан кийин суракка алган адамдар менен шайлоодо иштешпегенин айтууда.


“Кайсыл шайлоо экенин да айтышкан жок. “Атазовдун балдары” деп экөөнү кармашыптыр. Тактасам мыйзам боюнча бизге тиешеси жок экен. Бирок мага көрсөтмө бер деп бирөөнү кармап жүрүшүптүр. Алар жолдо көрүшкөндө учурашып жүргөн балдар. Бизде мыйзамды үгүтчү катары каттоодон өтпөгөн, иштеген балдарды эмес, жүгүрүп жүргөн балдарды кармашкан окшойт. Шайлоо бүткөндөн кийин 2 миң сомду бири-бирине берди деп бир нерсени мойнуна илип атыптыр. Алар “андай болгон эмес” деген көрсөтмө берип чыгышыптыр. Биз менен иштешпегенин да айтышыптыр. Азырынча мени суракка чакырышкан жок”.

Шайлообек Атазов 2022-жылы Бишкектин Сведрлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.

Бирок баштапкы эсеп боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добушка ээ болгон. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, буга добуш сатып алуу фактысы негиз болгонун билдирген.

Андагы шайлоодо алдыга келген үч талапкер – Шайлообек АтазовАбдурахманхажи Муртазалиев жана Аскар Алмаз уулу бири-бирин добуш сатып алууга айыптаган.

Муртазалиев Атазовдун тарапташтары делгендердин сурак берип жатканынан кабары жок экенин айтты:

“Мен билгенден Атазовдун бир нече иши бар болчу. Мындан тышкары БШКга да арыздануулар болгон. Мени жакын арада күч органдарына чакырышкан жок. Ал эми менин үгүтчүлөрүм деп кармалгандардын иши токтогон. Алардын мага тиешеси жок эле. Шайлоодо мен уткам”, - деди Муртазалиев.

Шайлообек Атазов Бишкек шаарындагы кайра шайлоого чейин Оштун Төлөйкөн округундагы жараянга катышып, эң көп добушту алган эмес. Ал бул округда алдыга чыккан Алимбековду добуш сатып алууга айыптап, укугун сотто коргой турганын билдирген. Кийин экөө бир пикирге келгени кабарланып, Атазов Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоого катыша турган болгон.

Борбор калаадагы шайлоодо Атазовдон кийин, үчүнчү болуп келген Аскар Алмаз уулу“Азаттыкка” буларды айтты:


“Андагы шайлоону азыркыга чейин тааныбайбыз. Күч органдары ошондо жакшы караган эмес. Биз биринчи келген талапкерге Шайлообек Атазовдун арызынын негизинде иш козголгонун укканбыз. Шайлообек мырза да мыйзам бузууга шек саналган. Бирок күч органдары четке кагып койгон. Эми эки жылдан кийин кайра козгоп жатканы бизге да түшүнүксүз. Ал эми өткөн- кеткен окуя да. Азыр кандай анализ беришти билбей турам”.

Кыргызстанда канча бир убакыт өткөндөн кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, депутат мандатынан ажыратылган тажрыйба бар. 2021-жылы №4 Көк-Жар округунунан шайланып келген Өмүрбек Бакировдун мандаты жокко чыгып, анын ордуна келген Равшанбек Рысбаев 2023-жылы 6-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берди.

Атазовдун Матраимов-Көлбаев ишине байланышы барбы?

Атазовдун мандатына байланыштуу маселе УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөдө Көлбаев-Матраимовго жакын адамдар мамлекеттик кызматтан тазаланары тууралуу билдирүүсүнө туш келди.

Ташиев 2-ноябрда атайын кызматтын Кеминдеги бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, мындан кийин өлкөдө Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын айтты. Ал бул топко жакын 202ден ашык адамдан мамлекеттик органдар тазаланып жатканын билдирди.

“Райымбек Матраимовго байланыштуу 92, Көлбаевге байланыштуу 60 кызматкерди аныктадык. Андан тышкары Бажы кызматынан 50 кызматкерди аныктадык. Ошентип 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан алынып жатат”.

Шайлообек Атазов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду ачык колдогон депутаттардын бири. Ал Матраимовдор уюштурган иш-чараларга барып, аны ачык колдойт.

Жергиликтүү медиалардын бирине курган маегинде Райымбек Матраимов менен ага-инилик мамилеси барын, ага сыймыктанарын билдирген.

Буга чейин Матраимовдун коррупциялык иштерин ашкере кылган журналисттерди Атазовдун сындаган жайы бар.


4-октябрда атайын операция маалында “Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев өлтүрүлүп, аны менен катышы бар делген Райымбек Матраимов суракка чакыртылган. Негизи Көлбаев менен Матраимов мамилелеш болгону саясий чөйрөдө айтылып, журналисттик иликтөөлөрдө жазылган.

Журналист Алмаз Темирбек Шайлообек Атазовдун иши соңку окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн экенин жоромолдоду.

“Атазовго Матраимов жардам берип жүргөнү учурунда көп эле айтылган. Балким депутат болушуна каржылык көмөк көрсөткөндүр. Калганы иштин жүрүшүндө билинет. Толук баа берүү кыйын. Бирок ушул окуялардан кийин Атазовго байланыштуу иш чыгып жатканы кандайдыр бир деңгээлде байланышы бар экенинен кабарлап тургансыйт”.

Азыр саясий чөйрөдө Райымбек Матраимовго байланыштуу ар кыл кептер тарап жатат. Ага ылайык, күч органдары Көлбаевге байланыштуу операциядан кийин Матраимов суракка чакырылып, эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган. Бирок соңку учурда экс-бажычы өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтар бар. Бул боюнча Матраимов жана анын жакындары эч кандай комментарий бербей келет.

Булак: “Азаттык” үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн