Ат-Башы районуна атын атагысы келбеген демөөрчү тарабынан жасалма дем алдыруучу 2 аппарат жана коргонуучу каражаттар берилди. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, атын атагысы келбеген Бишкек шаарынын тургуну, Түркия мамлекетинен 20 жасалма дем алдыруу аппаратын буйрутма менен алдырып, Кыргызстандын аймагына таратып берген. Анын ичинен Ат-Башы районуна дагы 2 аппарат, коргонуучу 10 костюм, 10 көз айнек, 10 респиратор берип жиберген.
Пикирлер (2)