Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:51
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Аткаминерлердин элүү пайызын кыскартыш керек, - экс-спикер А.Матубраимов

21.07.2020 17:01
2620
Аткаминерлердин элүү пайызын кыскартыш керек, -  экс-спикер А.Матубраимов


Мамлекеттик аткаминерлердин 50%ын кыскартыш керек. Мындай пикирин  мамлекеттик ишмер, экс-спикер Алмамбет Матубраимов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Түз эфирде илдеттин кесепеттерин жоюу, абалды турукташтыруу жана социалдык-экономикалык абалды жөнгө салуу тууралуу маселелер талкууланууда. 


Алмамбет Матубраимовдун айтымында, кызматтык унаалардын 50-60%ын дагы кыскартуу керек.


"Биздин убакта өкмөттө 50 гана киши иштечүбүз. Ошондо деле саналуу гана маселелер чечилбей калганы менен өкмөт эффективдүү иштеген.


Мындан тышкары эми татыктуу депутаттарды шайлашыбыз керек. Мурдагыдай кландык, капчыктуу, тууган-урук, тааныш-билиш деген ой жүгүртүү менен добуш берүүнү токтотушубуз керек. Азыр 120 депутаттын бардыгы эле кайра Жогорку Кеңешке келүүнүн аракетин көрүп жатат. Келгенден кийин өзүнүн бизнесин алдыга сүрөйт. Ага жол бербешибиз керек", - дейт экс-спикер Алмамбет Матубраимов.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Бурул
120 депутаттын кереги жок, 35, ага бирден шоферу болгондо эле 70 болуп жатпайбы, жардамчысы жок, өз башы өзүндө иштеген керек.
Гульнара Эсенаманова
50%, эмес, 70 % кыскартса болот...
Исаков Мирбек
Кыскартууну озунуздон баштабайлыбы? Азыр эмне жумуш кыласыз жана канчанчы ЗамДиректорсуз деп сурабайсызбы.