Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аткезчилик кылып кармалган тууганын тергөөдөн куткаруу үчүн 35 миң доллар пара берген жаран кармалды

11.04.2023 17:41
241
Аткезчилик кылып кармалган тууганын тергөөдөн куткаруу үчүн 35 миң доллар пара берген жаран кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен Баткен районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

  УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармады. 

 Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган.  

 Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн