Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 01:04
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Аткезчилик менен алектенген бажынын жогорку кызмат адамдары кармалды

10.09.2021 14:46
843
Аткезчилик менен алектенген бажынын жогорку кызмат адамдары  кармалды

Аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.


УКМК тарабынан КР Экономика жана финансы министрлигине (ЭжФМ) караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан (МБК) алынган маалыматка ылайык, "ALG" ЖЧКсы жагындагы экономикалык контрабанда фактысы боюнча КР ЭжФМ караштуу МБК «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринин жогорку кызмат адамдары Ж.Д. жана М.Е. кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.        


2021-жылдын 17-августунда Бишкек шаарынын аймагынан бажы көзөмөлү учурунда, тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтпөстөн Бишкекти көздөй жөнөп, "Дордой" соода базар комплексинин аймагына келип, бекитилген түзүлүштөрдү ачып, товарларды жарым-жартылай түшүргөн Түркия Республикасы тарабынан чыгарылган фирмалык кийим түрүндөгү эл керектөөчү товарлар менен «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен үч жүк ташуучу унаа кармалган.


 Тергөөдө аныкталгандай, жүктөрдү түшүрүү «ALG» ЖЧКсынын кызматкерлеринин шериктештиги менен ишке ашырылганын, ал эми «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтүү КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын демөөрчүлүгү астында жүргүзүлгөн.


Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүк бажы мамилелеринде фирмалык кийим түрүндөгү товарларга салыштырмалуу төмөн баада жол-жоболоштурулуучу трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган.


КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген, бул тергөө учурунда көрүлгөн чаралар менен тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан толук компенсацияланган.


Учурда кылмыш иши боюнча кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн