Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 22:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Аткезчилик менен ташылган 40 миллиондук тамеки аныкталды

07.03.2021 18:40
652
Аткезчилик менен ташылган 40 миллиондук тамеки аныкталды

Бүгүн, Талас облусунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан контрабандалык тамеки салынган эки оор жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



Маалым болгондой, бирдиктүү реестрге катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, Талас облусунда жүк ташуучу унаалар тамеки заттарын мыйзамсыз ташып келишкен. Аларда тийиштүү уруксат кагаздары жок ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 760 миңден ашык куту тамекиси болгондугу такталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган контрабандалык жүктүн наркы 40 миллион сомдон ашык.


Иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн