Аткезчилик жол менен кошуна мамлекеттен ташылган 6 тоннадан ашык мандарин аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, 2021-жылдын 26-февралында аталган кызматтын Баткен облусундагы кызматкерлери коңшу республикадан мандариндин аткезчилик жол менен ташылышын токтотушкан.
Мыйзамсыз ташылган товардын жалпы салмагы 6,3 тоннадан ашык болгон.
Учурда бул фактыны процесстик каттоого алуу жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын органдарына өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн