Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аткезчилик менен ташылган баасы 650 миңдик тамеки табылды

16.01.2021 12:06
951
Аткезчилик менен ташылган баасы 650 миңдик тамеки табылды

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областында “Т.Ж.О.,” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Subaru Forester” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.


Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынына бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 10000 куту “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган.


Кармалган товардын жалпы наркы 650000 сомду түзөт.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн