Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аткезчилик менен ташылып келе жаткан 20 миң куту тамеки аныкталды

25.10.2021 16:58
616
Аткезчилик менен ташылып келе жаткан 20 миң куту тамеки аныкталды

Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош шаарында “У.К.” аттуу жарандын башкаруусунда “Спринтер” үлгүсүндөгү транспорттук каражатты токтотушкан.


Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, автотранспортту текшерген учурда 20 миң куту “Milano” жана “Mond” соода маркасынын филтрлүү тамекилери табылган. Тамекилер акциз маркасы жок ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен киргизилген.


Аталган факт боюнча КР Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 102-беренесиндеги белгилер боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн